События компании

«АЮ Курулуштун» «Жардам кербени» бул ирет Ысык-Көлдүн Ак-Суудагы психоневрологиялык...

«АЮ Курулуштун» «Жардам кербени» бул ирет Ысык-Көлдүн Ак-Суудагы психоневрологиялык...
14 Апреля 2019
«АЮ Курулуштун» «Жардам кербени» бул ирет Ысык-Көлдүн Ак-Суудагы психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине келди...

******

Бу жабык мекемеде акыл-эс дартынын азабын чеккендер дарыланат. Бул жайга 18 жаштан жогорку курактагы аялдар республиканын чар тарабынан келишет.

******

Азыркы тапта мекемеде 243 кыз-келиндер дарыланып жатат. Түркүн тагдырлар менен жашоонун кыйма-чийме жолу келип кошкондор. Бирине жарык дүйнөгө келгенден тубаса маӊдайга жазганы, бири болсо төрөтканадагы доктурлардын шалаакылыгы менен омуртка-белине доо кетип, кийин мээсине залал тийгендер, кээ бири травма алып, кокустагандар. Кээ бири төрөтү оор болуп, психикалык дартка кабылгандар. Алардын ичинен алтымышы дайымкы камкордукка муктаж, туралбай төшөктө...

******

... «АЮ Курулуш» менен «Оптима Банктын» балдары автомашинадан ун, кумшекер, кесме, этти түшүргөнчө мекеменин директорунун орун басары Жекшен уулу Жанарбек берген март эмес, алган март демекчи, марттыгын көргөзүп, алкоо сөзүн «АЮ Холдингге» жамгырдай жаадырды.

Бул мекемеде иштеген кызматкерлердин саны 90. Омбудсмен болгондо келип, бул жерде иштегендердин түйшүгүн, ишинин оордугун, ага карабай кабагым-кашым дебей, өз өмүрлөрүн тобокелге салып, эмгектенип келатканын көрүп ыраазы болгон элем. Орулуулар мекеме кызматкерлерине кол салып ийген учурлар да болот. Ар бир оорукчанга өзүнчө ыкма, мамиле керек. Алардын бири - музатерапия. «Мен нан жебейм алдан тайып турганда, мен суу ичпейм таӊдай катып турганда, музыкадай мага таттуу ширин жок, берчи мага жарым кашык музыка», деп алп акын Алыкул Осмонов жазмакчы, музыканын жардамы менен дартка чалдыккандар ойлорун, ички сезимдерин ирээтке келтирип алышат. Бул - эң натыйжалуу ыкмалардын бири.

******

Кыйынчылыктарга карабастан интернаттын жамааты «клуб» деген аты бар имаратта чакан концерт уюштуруп турушат. Дарыланып жаткандардын арасынан бир эмес, бир нече жолу сахнага чыгып, өз талантын тартуулагандар дагы аз эмес. Арасында ырга, бийге, сүрөткө шыктуулары да чыгат. Бир гана тоскоолдук бул- дарт. Болбосо бул жактагылардын баардыгынын тууган-туушкандары бар. Дарыгердин уруксаты менен алар жакындарына каттап турушат. Келгенден кийин жакындарын кайра сагынып, анысы дартын күчөтүп, оорусу кайра козголуп, жадагалса өлүмгө себеп болгон учурлар да кездешет.

******

... Борбордон коноктордун келиши мекеменин кызматкерлерин кубаныч тартуулады. Адатта чыӊалуу атмосферасы абаны басып турчу мекемеге кесме, эт, ун, күрүч, кумшекер жүктөнгөн автомашина кирип келип, бака-шака түшүп эле жатып калды. Жашоого жылуулукту берешен, ак жүрөк адамдар тартуулайт эмеспи. Мекеменин жетекчилиги «АЮ Курулуш», «АЮ Холдингге», анын негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримовго ыраазычылыгын билдирип, кайра-кайра ырахматын айтып жатышты.

******

Бул сыяктуу иш-чаралар «АЮ Курулуш» компаниясына салтка айланган. Аталган компаниянын финансылык директору Аскат Атакозуев жасалган жакшылык кайра эки эселенип кайтып келээрин айтып, колдон келгенди эч убакта аябашыбыз керектигин айтты.
Айтмакчы, акыркы жылдарда «АЮ Холдингге» кирген башка компаниялар сыяктуу эле «АЮ Курулуш» дагы камкорчулук ишин жасап келатат. Алар жардам берген мекемелер катарында балдар үйлөрү, карылар үйлөрү, ар кандай интернаттар, колунда жок адамдар, билим берүү мекемелери, ооруканалар бар. Өзгөчө балдарга кам көрүү- көӊүл борборунда. Компания 2012-жылы ачылса дагы кыска убакыт аралыгында өлкөдөгү ийгиликке жылоологон башкы курулуш компаниялардын катарында.

******

Ак-Суу психоневрологиялык мекеменин жамааты бизди эшикке чейин узатып чыкканы аз келгенсип «аючуларга», анын негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримовго ырахматын айтып, бата берип узатышты: «Алла(х) Таала бергенин унутпасын! Арабызды колу ачыктардан кур кылбасын! Теӊирим ырыскысын кемитпесин! Ак жүрөк берешендер эгиздесин! Аларга кешик берсин!, Кешигин сегиз берсин, семиз берсин!»

******

Галерея