Благотворительность

Бул ирет эл арасындагы «Шаки» аты легендага айланган Шаршенбек Абдыкеримовдун «АЮ Курулуш» компаниясынын көӊүлү акыл-эси чектелген балдарга бурулду…

Бул ирет эл арасындагы «Шаки» аты легендага айланган Шаршенбек Абдыкеримовдун «АЮ Курулуш» компаниясынын көӊүлү акыл-эси чектелген балдарга бурулду…

Бул ирет эл арасындагы «Шаки» аты легендага айланган Шаршенбек Абдыкеримовдун «АЮ Курулуш» компаниясынын көӊүлү акыл-эси чектелген балдарга бурулду…

Бул ирет эл арасындагы «Шаки» аты легендага айланган Шаршенбек Абдыкеримовдун «АЮ Курулуш» компаниясынын көӊүлү акыл-эси чектелген балдарга бурулду… Кайрымдуулук максатта…

*******
Караколдон чай кайнам убак Ак-Сууга жол тарттык. Орусча Теплоключенко аты өчө элек айылда татаал тагдырды баштан кечирип жаткан балдардын «Кыялкечтер» борбору бар.
Жетекчилиги дагы, кызматкерлери да үйрүлө түшкөн балдардын бир бөлүгү акыл-эсинен дартка кабылгандар, да бир бөлүгүнүн дене-мүчөсүнөн кемчилиги барлар. Ак үй, Көк үйү бийлик, байлык, таасир талашып чабышып жатканда борбордон 400 чакырымдагы бул мекемеде Жараткандын амири менен жабыркап күн өткөрө, “акча, бийлик, башкасына кайылмын, ушул бир ден соолугум жакшырып, алты саным аман болсом эмне!” деп жашап жаткандар.

*******
Тагдыр аларды жакын адамдарынан ажыратканы аз келгенсип, ар кандай дарт менен алышканга мажбурлаган. Бул жактагылар көбүнесе “балдардын церебралдык шал” дарты менен азап чегишет. Кээ бири акыл-эсинен артта калганы. Мындай оор кырдаалда ата-энелер тагдырга моюн сунат. Бирок, борбордун жетекчилиги, жамаат бала мээнетин, жоопкерчилигин моюнга алышкан.

*******
Борборду түзүү идеясы майып балдардын ата-энелери тарабынан көтөрүлгөн демилге эле. Адегенде көптөгөн кыйынчылык-тоскоолдуктар жаралды. Имарат табуу оңойго турган жок, ал табылса балдарды багыш. Анысы табылса мунусу жок, кемчилик, жетишбестик... Атап айтса, азыр балдарды айыктыра турган укалоочу адисти табуу кыйын.

*******
Бул ирет «АЮ Курулуш» жана «Оптима Банк» компанияларынын кызматкерлери тамак-ашын артынып, балдарга жардам көрсөтүүгө келишти. Мамлекеттик мекеме болбогон соӊ кем-карч дайыма бар. Борбордун жетекчилиги, кызматкерлери ыраазычылык сөзүн аяшкан жок. Ыӊгайы келген учурда эле ырахматын жаадырып жатышты. Борбордун Любовь Козлова аттуу кызматкери "«АЮ Курулуш» компаниясы тарабынан биздин борборго берилген жардамга терең ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин жардамыңыздарга муктаж болгон балдар бар экенин унупаганыңыздар үчүн рахмат! Иштериңиздерге ийгиликтерди каалайбыз. Рахмат Сиздерге!”, деп алкап алды.

Теплоключенка айылдык кеңешинин төрагасы Эрнис Темиров дагы конокторго жолдун алыстыгына карабастан келип, борборго көңүл бурганына элдин, жергиликтүү бийликтин атынан ыраазычылык айтып, батасын берди.

******
«Жардам кербен»жолун андан ары Ак-Суудагы психоневрологиялык мекемеге улады. Ал – Ысык-Көлдүн “Чым-Коргону”... Болгондо дагы жалаӊ аялдар дарылана турганы...

******